АСЫЛ ТУКУМ КИТЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСЫЛ ТУКУМ КИТЕБИ - тукумдун жылдык белгилерине туура келген мал катталуучу документ; асыл тукум ишин уюштуруудагы мамлекеттик маанилүү иш чара. Китеп айрым чарбаларда ар кайсы мал тукуму боюнча иштеген селекционерлердин ишин чагылдырат. Анда уй, кой, жылкы, эчки ж. б-дын таза тукумдагысы катталат. Ар бир тукум үчүн өзүнчө китеп болуп, элита жана 1-класстын талабына (мал бонитировкалоо инструкциясы боюнча) туура келген асыл тукум мал катталат. Анда ошол мал (төл) алынган асыл тукум мал чарбасы жазылып, малга катар номер жана марка берилет.