АСЫЛ МЕТАЛЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСЫЛ МЕТАЛЛДАР ‒ дат баспаган, табиятта сейрек кездешүүчү металлдар. Аларга: алтын Au, күмүш Ag, платина Pt жана платина тобундагы (иридий Ir, осмий Os, палладий Pd, родий Rh, рутений Ru) элементтер кирет. Бекемдиги, туруктуулугу ‒ алардын асылдыгынын белгиси. М. В. Ломоносов металлды кенташтан химиялык реактивдердин суудагы эритмесин колдонуп, бөлүп алууга негиз салган. Алтын көбүнчө валюталык металл катары, зергер буюмдарын жасоодо жана тиш салууда пайдаланылат. Күмүш дагы валюталык металл, бирок алтынга караганда техникада (өткөргүч, электр тиймеги ж. б.) көбүрөөк колдонулат. Платинадан атайын химиялык идиш (платина тигелдери, чөйчөктөр) жасалат. Анткени ал 1200°С температурада да реакцияга кирбейт, салмагын өзгөртпөйт. Платинанын иридий куймасынан килограммдын үлгүсү ‒ эталон жасалган. Аны менен бардык өлкөлөрдө тараза текшерилет, ошондой эле фотосүрөттө, кинодо, электроникада, радиотехникада кеӊири колдонулат.