АСЫЛДЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСЫЛДЫК‒ эстетикалык жогорку баалуулугу бар көрүнүштөрдү мүнөздөөчү эстетиканын башкы категорияларынын бири. Жаратылыштагы, коомдук турмуштагы, адамдардын ишмердигиндеги, искусстводогу кубулуштарды камтыйт. Асылдык эстетикалык идеал түшүнүгү менен тыгыз байланышкан. Асылдык категориясы сонун, сулуу, ажайып, азем деп аталган нерселер менен гана чектелбейт, башкача айтканда жаратылышта, коомдо, адамдын мүнөзүндө көп көрүнүш түздөн-түз сулуу же сонун деп аталбайт, бирок асыл нерсе боло алат. Платон, Кант, Гегель сындуу философтор Асылдыкты рухтун, аӊ-сезимдин касиети катары карашкан. Элдик түшүнүктө Асылдык турмуш кубанычына, адам сапаттарына, табияттын ажайып көрүнүштөрүнө карата аныкталат. Адамдар негизинен Асылдыкка өз критерийи менен баа беришип, ошону менен бирге коомдук практиканын позициясынан мамиле жасайт. Кандай гана түрдө болбосун Асылдык адамга жаккан турмуш, болгондо да өнүгүп-өөрчүп турган жандуу турмуш. Ошондуктан ал адамга жаркын кубаныч алып келет, жан жыргаткан руханий рахат берет, андагы чыгармачылык ишмерликти ойготот.