АСХАБДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСХАБДАР а л - а с х а б, а с- с а х а б а ‒ Мухаммед пайгамбардын жанында жүргөн же анын согуштук жүрүштөрүнө катышкан талапкерлери; кийин жалпы эле Мухаммедди көргөн адамдарды да Асхабдар деп атап калышкан. Алар алгачкы мусулман аскерлеринин негизин түзгөн. Асхабдардын жогорку катмарын мухажирлери жана ансарлар түзүп, халифтерди шайлоого чоӊ таасир тийгизген, ошондой эле алардын катарынан башкаруучуларды, аскер башчыларды дайындашкан. Алардын жалыйнасы ошол мезгилде өтө жогору болгон. Мухаммед көз жумган соӊ, Асхабдар анын окуусун улантышып, өздөрүнүн өзгөчө такыба жүрүм-турум жана пикири менен суннаны ‒ исламдын негизги этика-укуктук бөлүгүн түзүшкөндүгү менен исламдын тарыхында мааниси зор.