АСФИКСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСФИКСИЯ (гр. asphyxia ‒ тамыр сокпой калуу) ‒ дем алуунун бузулушунан организмде кычкылтек азайып, көмүр кычкыл газ өтө көбөйүп тумчугууга дуушар кылуучу оорулуу абал. Ага дем алуу жолун бөтөн зат бүтөп калуусу, муунуу, сууга чөгүү, кокустукта моюн жана көкүрөктүн басылып калышы, дем алдыруучу булчуӊдардын же дем алуу борборунун шал болушу ж. б. себеп болот. Бул учурларда дем алуу жолу аркылуу абанын өпкөгө келиши токтойт. Асфиксия пайда болуу себептерине жараша түрдүүчө болот. Анда ткандарга кычкылтек жетпей, органдардын функциясы, айрыкча мээдеги дем алуу борборунун жана жүрөк иши бузула баштайт; кишинин өӊү кара көк тартат, көздүн кареги адегенде кичирейип, андан кийин эсин жоготуп, заарасын жана заӊын кармай албай калат, кан басымы жогорулайт, жүрөгү тез согот. Дем алуу бир нече секундадан бир нече мүнөткө чейин токтойт. Бул учурда тез жардам көрсөтүлбөсө, 3‒6 мүнөттөн кийин адам өлүмгө учурашы мүмкүн. Асфиксияда тезинен дем алууга жолто болгон себептерди четтетип, жасалма жана кычкылтек менен дем алдырып, медициналык тез жардам чакыруу керек.