АСФАЛЬТ ТӨШӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСФАЛЬТ ТӨШӨГҮЧ автомобиль жолун, аэродром курууда жана оӊдоодо, алардын жабуусуна асфальт-бетонду ж. б. битум-минералдык аралашмаларды төшөөчү, өзү жүрүүчү жол куруу машинасы. Ал өндүрүмдүүлүгү боюнча өтө оор (300 т/с жогору), оор (150‒300 т/с), орто (75‒150 т/с) жана жеӊил (25 т/с дан кем эмес) болуп айырмаланат. Жүрмө бөлүгүнө

АСФАЛЬТ ТӨШӨГҮЧ12.png

карата казтаман, дөӊгөлөктүү жана айкалыштырылган болуп бөлүнөт. Ал автотранспорттон аралашманы кабыл алуу, аларды бөлүштүрг үч айланма шилегичке жиберүү, төшөлүүчү тилкенин энине жараша жаюу, жабуунун көрүнүшүн жакшыртуу, тегиздөө жана аны тыгыздоо кызматын аткарат. Ал жумушчу шаймандары жана автоматтык башкаруу менен камсыздалат.