АСТРОХИМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСТРОХИМИЯ - астрономиялык изилдөөлөрдүн багыты. Ал асман телолорунун (жылдыздардын), алардын арасындагы чөйрөнүн жана протопланеталык дисктердин химиялык курамын, ошондой эле андагы химиялык процесстерди изилдейт. Анын негизги ыкмаларынын бири ‒ астроспектроскопия . Астрохимия төмөнкүдөй бөлүмдөргө бөлүнөт: 1) бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы 100 см‒3 жана температурасы бир нече 100 К болгон диффузиялык булуттардын (жылдыз аралык) Астрохимиясы. 2) Концентрациясы 104 см‒3 жана температурасы бир нече 10 К болгон тыгыз молекулалык булуттардын Астрохимиясы. 3) Протопланеталык дисктердин Астрохимиясы. 4) Согуучу толкундардын жана жылдыз айланасындагы кабыкчалардын Астрохимиясы. Жылдыз кабыкчасында молекулалардын, андан кийин чаӊдын пайда болушунун ролу чоӊ. Муздак ири жылдыздарда бул процесс жылдыз шамалынын параметрин, жаӊы жылдыздарда жылдыз аралык чөйрөгө оор элементтердин чыгуу темпин аныктайт. Космосто өтө көп түрдүү молекулалар болот. 21-кылымдын башында 130дан көп (жөнөкөй эки атомдуудан 13 атомдуу НС11N чейин) молекула белгилүү. Космосто, ошондой эле көптөгөн реакциялар жүрөт, анын маанилүүсү атомдук суутектин (Н) молекулалык суутекке (Н2) айлануусу. Бул молекула (Н2) космосто кеӊири тарап, калган молекулалардын пайда болушунда мааниси чоӊ. Космостогу молекулаларды үйрөнүү Ааламдын, галактика менен жылдыздардын пайда болуусун түшүнүүгө, жаӊы жылдыздарды, жылдыз эволюциясынын кийинки этаптарын изилдөөгө жардам берет.