АСТРОФИЗИКA
АСТРОФИЗИКА ‒ астрономиянын асман телолорун, алардын системаларын, Ааламдын пайда болуусун, түзүлүшүн, химиялык тегин, физикалык касиеттерин жана алардын өзгөрүүлөрүн (эволюциясын) изилдөөчү ири бөлүмү. Астрофизикада асман телолорунун нур чыгаруусуна жараша инфракызгылт, оптикалык, ультракызгылт-көк, рентген нурларынын астрономиясы жана аларга ылайык астрономиялык аспаптар колдонулат. Астрофизика изилдөө объектиси боюнча Күн, планеталар , жылдыз аралык чөйрө жана тумандуулук, жылдыздар физикасы, космология, ал эми ыкмасы боюнча астрофотометрия, астроспектроскопия, строколориметрияга бөлүнөт. Астрофизика 20-кылымда жакшы өнүккөн. Ал теориялык жана практикалык болуп айырмаланат. Теориялык астрофизика асман нерселеринин түзүлүш теориясын түшүндүрүүдө теориялык физиканын закондорун жана маалыматтарын пайдаланат. Практикалык астрофизикада асман нерселерин изилдөөдө жаӊы ыкма радиотолкуну м-н байкоо жүргүзүүчү радиоастрономия пайдаланылат.
Ад.: Аллен К. У. Астрофизические величины. М., 1977; Соболев В. В. Курс теоретической астрофизики. М., 1985.