АСТРОНОМИЯЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСТРОНОМИЯЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯ - асман жарык чыгаруучуларын жана андагы кубулуштарды байкоочу жана астрономия боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүчү илимий мекеме. Ал байкоо жүргүзүүчү аспаптар (телескоп, радиотелескоп ) аркылуу байкалган маалыматтарды ылгоочу атайын лабораториялык приборлор (мис., электрофотометр ж. б.) менен жабдылат. Астрономиялык обсерватория адатта шаардан сырткары, деӊиз деӊгээлинен бийик жана мүмкүн болушунча экваторго жакын тоолорго курулат. Көпчүлүк Астрономиялык обсерватория электромагниттик нурланууну каттоочу аспаптар менен жабдылат, негизги приборлору коргоочу мунарасына жайгаштырылат. Астрономиялык обсерватория Ассирия, Вавилон, Кытай, Египет ж. б. мамлекеттерде бир нече миӊдеген жылдар мурда эле курулган. Өз учурунда 15-кылымда Улугбек Самаркандда Астрономиялык обсерватория куруп, 1018 жылдыздан турган белгилүү каталогун жогорку тактыкта иштеп чыккан. 18‒19-кылымдардада дүйнө боюнча 400дөн ашуун Астрономиялык обсерватория түзүлүп, азыр 500гө жетти, анын ичинде Абастумани астрофизикалык обсерваториясы (Боржоми шаары), Гринвич обсерваториясы (Лондон), Крымдагы астрофизикалык обсерватория, Пулков обсерваториясы (Санкт-Петербург) бар.

Ад.: Развития астрономии в СССР. М., 1967.