АСТРОНОМИЯЛЫК БИРДИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСТРОНОМИЯЛЫК БИРДИК (а. б.) ‒ астрономиядагы аралык бирдик; Күн системасынын чегинде Жерден Күнгө чейинки аралык: 1 а. б. = 149,597870 км ±2 км (Эл аралык астр. союзда 1976-жылы кабыл алынган). Мисалы, Плутон планетасы менен Күндүн ортосундагы ортолук аралык 39 а. б-ке барабар. Астрономиялык бирдикти 17-кылымда И. Кеплер киргизген. Жылдызга чейинки аралык парсек (пс) менен туюнтулат. Жарык жылы ‒1 жылда жарык басып өткөн аралык (9 трлн км же 1/3 пс).