АСТРОНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСТРОНОМИЯ (астро… жана гр. nomos ‒ закон) ‒ ааламда болуп жаткан физикалык процесстер менен кубулуштарды талдоонун негизинде асман телолорунун, системаларынын жана алардын ортосундагы мейкиндиктерди изилдөөчү, жалпы эле Аалам жөнүндөгү илим. Астрономия сфералык астрономия , практикалык астрономия, астрофизика, асман механикасы, жылдыз астрономиясы , галактикадан тышкары астрономия , космогония , космология ж. б. бөлүмдөрдү камтыйт. Астрономия адамдын практикалык муктаждыгынан, башкача айтканда мезгилдик кубулуштарды алдын ала айтуу, убакытты эсептөө ж. б-дан келип чыккан байыркы илим. Биринчи Жердин жасалма жандоочусун учуруу менен (1957, СССР) Астрономия жаӊы доору башталган. Космостогу эӊ чоӊ (диаметри 2,4 м) Э. Хаббл телескобу 1990- жана 2005-жылдарда Жердин орбитасына чыгарылып, Күн системасындагы телолорду жана планета аралык чөйрөнү изилдөөнүн жаӊы ыкмалары пайдаланылган. Азыркы Астрономиянын калыптанышы дүйнөнүн геоборбору системасынан баш тартуу жана аны дүйнөнүн гелиоборбору системасы менен алмаштыруу, асман нерселеринин телескоп менен изилдөөнүн башталышы жана бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун ачылышына байланыштуу. Б. з. ч. 2000-жылы Кытайдагы Астрономия мектеби кытай Астрономиясынын өнүгүшүнө салым кошкон. Астрономия ошондой эле Египетте, Индияда жана Грекияда өнүккөн. Байыркы Грекия астрономдору эч кандай аспапсыз эле көз менен байкоонун негизинде чоӊ ачылыштарды жасашкан. Арисстарх Самосский бардык планеталар жана Жер кыймылсыз турган Күндү айланат деп далилдеп, дүйнөнүн гелиоборбору идеясын сунуш кылган. Шумер-аккад цивилизациясынын жрец-астрономдору көптөгөн кылымдар бою Күн, Ай ж. б. планеталардын кыймылдарын жылдыз фонунда катташкан. Астрономиянын көп терминдери арабчадан келип чыккан, мисалы, зенит, надир, альманах. Птоломей б. з. 140-жылдарында «Альмагест» деген эмгегинде Астрономия боюнча бүт билимди чогулткан. Ал орто кылымдын аралыгында негизги жетектөөчү эмгек болуп, 17-кылымга чейин Астрономиялык ойлордун өнүгүшүнө таасирин тийгизген. 1543-жылы поляк окумуштуусу Н. Коперниктин «Асман сфераларынын байланышы жөнүндө» деген эмгеги чыккан. Кийин Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун жана кыймылдын үч законун Ай жана планеталардын кыймылына пайдалануу Коперник, Кеплер жана Галилейдин иштерин бириктирген. Кийинки эки жүз жылдыкта Астрономия эки багытта өнүккөн. Биринчисинде чоӊ жана кубаттуу телескоптун жардамы менен Ааламдын көптөгөн аймактары изилденген. Экинчисинде ‒ планеталарды, анын жандоочуларын, кометаларды, астероиддерди изилдөөдө Ньютондун динамика закону жана кош жылдыздарды аныктоочу өсүү саны пайдаланылат.

Ад.: Воронцов-Веляминов Б. А. Мир звезд. М., 1952; Гильберг Л. А. Покорение неба. М., 1977. Струве О., Зебергс В. Астрономия ХХ в. М., 1968.