АСТРОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСТРОЛОГИЯ (астро... жана logos ‒ окуу) ‒ асмандагы жарык чыгаруучулардын, айрыкча планеталардын жайгашуусу менен тарыхый окуялардын, адам тагдырынын ортосунда байланыш бар деген ишеним окуу. Астрология системасы Байыркы Месопотамияда, Грекияда, Индия жана Кытайда өнүккөн. Орто кылымда Астрология өзгөчө ислам өлкөлөрүндө жана Батыш Европада белгилүү болгон. Астрологиялык окуулар алхимия жана сыйкырчылык менен тыгыз байланышта болгон. Көптөгөн астрономдор бир эле убакта эллипистика Астрологияны өнүктүрүшүп, астролог болушкан. Астрологиялык алдын ала айтууга астрономиялык жана метеорологиялык кубулуштар, анын ичинде Ай жана Күндүн тутулушу, планета менен жылдыздардын чыгышы жана батышы, планеталардын топ жылдыздарга салыштырма жана бири бирине карата жайгашышы негиз болот. Ар бир мындай кубулуш жерде болуучу айрым окуяны алдын ала билдирүүчү өзгөчө белги катары каралган. Азыр да кээ бир өлкөлөрдүн өнүгүүсүн, келечегин «алдын ала айтуу» үчүн астролог кызматын пайдаланышат (гороскоп түзүү). Байыртан берки эклиптиканы 12 зодиак топ жылдыздарына бөлүү Астрологиянын негизин түзөт.