АСТРОГРАФ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСТРОГРАФ (астрожана гр. grapho ‒ жазамын) ‒ асман жарык чыгаруучуларын сүрөткө тартуучу астрономиялык аспап. Анын негизги мүнөздөмөсү ‒ фотопластинкага түшкөн жарык күчү менен сүрөттөлүштүн өлчөмүн аныктоочу объективдин диаметри жана фокус аралыгы. Асмандагы жылдыздар, метеорлор, кометалар, астероиддер жана жасалма жандоочторду тартуучу Астрографтын объективинин фокус аралыгы 1 мден ашпайт, ал эми өтө так астрономиялык өлчөөлөрдү жүргүзүүчү Астрографтыкы ‒ 10‒15 мден кем эмес болот. Дүйнөнүн көпчүлүк обсерваториялары фокус аралыгы 3,4 м кадимки Астрограф менен жабдылган.