АСТРОБИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСТРОБИОЛОГИЯ - биологиянын Ааламдагы ар кандай асман телолорундагы тиричиликти изилдөөчү бөлүмү. Ааламдагы эӊ жөнөкөй органикалык клеткалардын жаралышын жана аларда жашоонун жогорку формасына өтүп жетилишин, ошондой эле Жердин жасалма жандоочуларын, узакка жашаган жаныбар жана космонавттын организминин иштөө функцияларында, ошондой эле изилдөө мүнөзүнө жараша Күн системасынын жана андан тышкары башка галактикадагы планеталарды изилдейт. Күн системасындагы планеталарга ар кандай космос кемелерин учуруу менен Меркурийде, Чолпондо жана Айда тиричиликтин болушу мүмкүн эместиги далилденди. Марс планетасы Жерге эӊ окшош, анда басым 10 Мбар, температурасы күндүз 30°, түнкүсүн ‒70°, атмосферасында Н2О, СО2 жана О2 кездешет. Мындай шартта Жердеги микроорганизмдер жанданышы мүмкүн. Анын бетиндеги кара тактар чаӊ бороонунун, ал эми «уюлдук ак шапкелер» кыроонун пайда болушу менен түшүндүрүлөт. Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун жана Плутон планеталарында тиричилик жок, себеби атмосферасы аммиак жана метандан, ал эми тышкы катмары гелий ‒ суутектен турат. Жердеги тиричиликтин пайда болушуна шарт түзгөн көмүртек жана суутектин эӊ жөнөкөй бирикмелери башка планеталарда да бар экендиги далилденүүдө. Алар жеке эле Жер шарында эмес, Ааламдагы башка планеталарда да жашоо тиричиликтин чыгышына себепкер болушу ыктымал. Ааламдын башка бөлүктөрүндөгү цивилизацияны Жердин жандоочусу ‒ Айга жана ири астероиддерге астраномиялык лазер, оптика жана радио түзүлүштөрдү, радиотелескопторду орнотуу менен изилдөөгө болот. Ад.: Оксфордская иллюстрированная энциклопедия. М., 2000.