АСТРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСТРА (Аstеr) ‒ өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп. Астранын 250дөн ашык түрү бар. Ал гүлүнүн түрү, түсү, сабагынын бийиктиги, бутактап өсүшү ж. б. боюнча айырмаланат. Көп жана бир жылдык түрү бар. Көп жылдык Астра Түндүк Америкадан таралган. Сабагы бутактуу, бийиктиги

АСТРА8.png

20‒150 см, суукка чыдамдуу. Көбүнчө кеч күздө гүлдөөчү сорту өстүрүлөт. Уругу күзүндө же жазында 0,5 см тереӊдикте себилип, экинчи жылы гүлдөйт. Бир жылдыгы Кытай, Япониядан таралган. Жапыз (15‒25 см), орто (30‒50) жана бийик (60‒80) өсүүчү сорттору бар. Көчөтүнөн же уругунан өстүрүлөт. Уругу кеч күздө же эрте жазда cебилет, 7‒8 күндө текши өнүп чыгат, 3‒4 айда, cуук түшкөнгө чейин гүлдөйт. Кыргызстандын тоолорунда 1 түрү ‒ альп Астрасы өсөт.