АСТМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСТМА (гр. asthma ‒ дем кыстыгуу, муунуу) ‒ бронх жылчыгынын тарышынан (к. Бронх астмасы ) же жүрөктүн жабыркоосунан (к. Жүрөк астмасы ) болуучу капысынан дем кыстыгуу (муунуу) оорусу. Ал капысынан кармайт. Бронх Астмасы майда бронхтордун өткөргүчтүгүнүн бузулушунан (спазм, былжыр челдин шишиги), жүрөк Астмасы кан айлануунун кичине тегерегинде кандын тез уюп, токтоп калышынан жана бронхтордун рефлекстик кысылуусунан болот. Астма кармаганда тезинен медициналык жардам талап кылынат: отургузуу, таза аба менен дем алдыруу оорулуунун абалын жеӊилдетет. Дарыны врачтын көрсөтмөсү менен гана кабыл алуу керек.