АСТАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСТАТ (Аstatium), а с т а т и н, At ‒ элементтердин мезгилдик системасынын VII тобундагы радиоактивдүү химиялык элемент, галогендерге кирет. Атомдук номери 85, туруктуу изотобу жок, туруктуурагы At2101/2=54 с). Висмутка a-нурун таасир этүүдөн радиоактивдүү изотоптору алынат. Биринчи жолу 1940-жылы Э. Сегре, Т. Корсон, У. Мак-Кензи 211At изотобун алган. Aстат ‒ катуу зат, балкып эрүү t 244°С, кайноо t 309°С. Химиялык касиеттери жагынан полонийге, йодго да окшош, башкача айтканда металлдык жана металлоиддик касиетке ээ. Галогендер сыяктуу эрибеген тузу AgAt жана йод сыяктуу AgIO3 беш валенттүү абалга AgAtO3 чейин кычкылданат. Вакуумда жана кадимки шартта оӊой бууланат. Астат электролизде катодго тартылат. Металлдарга (Ag, Au, Pt) жакшы сиӊет. Бул касиети аны таза түрүндө бөлүп алууга мүмкүндүк берет.