АСТАНА КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСТАНА КӨРҮСТӨНҮ – байыркы археологиялык эстелик. Б. з. 3–8-кылымдарына таандык. Астана шаарынан 1–2 км батышта жайгашкан. Астана шаарынын атынан аталган. Астанадан 3–4 км чыгыш тарапта Карахожа көрүстөнү бар. Көрүстөндөр Жибек Жолунун боюнда болгондуктан, убактысы так белгиленген. Бул көрүстөндөр жөнүндө маалыматтар кытай жазма булактарында Тан доорунан (7–10-кылым) белгилүү. Астана көрүстөнү 695-жылы Чжан Хуайсу бейитине коюлган жазуудан белгилүү. Гаочандын түндүк-батышынан орун алгандыктан, "эски түндүк-батыш көрүстөнү", ал эми Караходжа көрүстөнү Сун Хуэйжендин мүрзөсүндөгү эпитафияга ылайык (663) “Түндүк кесене” аталган, анткени Гаочандын түндүк жана түндүк-чыгышында Гаочандын башкаруучуларынын мүрзөлөрү болгон. Көрүстөндөр 8 км аянтты ээлеп, 500гө жакын дөбө-мүрзөлөрдөн турат. Ар бир көрүстөн түбү таш төшөлгөн үңкүрдү элестетет, дубалдары ар кандай сүрөттөр менен кооздолгон, алардын катарында Конфуций дининин негизги постулаттары чагылдырылат. Анда кездемеге же кагазга түшүргөн Кытай улутунун ата-бабалары Фуси жана Нюйва, жарым-жартылай адамдар жана жылан түрүндөгү сүрөттөр ж. б. кезигет.
Ш. Керимова