АССИРИЯЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АССИРИЯЛЫКТАР , с и р и й л е р, а й с о р л о р (чыгыш Ассирия өздөрүн атурия, сурая, батышы сурьян деп аташат) ‒ эл, Жакынкы Чыгыштагы этностук жалпылык. Чыгыш Ассирия (Иран, Түндүк Ирак, Түндүк Түркия, Россиядагы Ассириялыктар), Батыш Ассирия (Сирия, Түштүк Түркия) болуп бөлүнөт. Жалпы саны 3 300 миң киши (2011), анын ичинде Иранда 32 миң, Иракта 850 миң, Түркияда 15 миң, Сирияда 100 миң киши, ошондой эле Австралияда – 25 миң, Россияда — 11 084, Арменияда – 7 миң, Канадада — 7 миң, Ливанда 34 миӊ, Палестинада 4 миӊ, Израилде 0,5 миӊ, Кувейтте 4 миӊ, Грузияда 6,2 миӊ, Арменияда 3,4 миӊ, Азербайжанда 1,3 миӊ, Россияда 13,7 миӊ, Украинада — 3200, Грузияда — 2400кө чейин жетет. Ассириялыктар ассирия (жаӊы арамей, жаӊы сирия, сирия) тилинде сүйлөшөт. Христиан динин тутушат. Алар байыркы Ассириялыктардын тукумдары. Ассирияда 1-кылымдан христиан дини тараган. Араб халифатынын доорунда (7-кылым) ассириялык несториан чиркөөсү өнүккөн. 13-кылымда Сириядан Кытайга чейинки аймакта 130 епископ, 25 митрополий патриархтын карамагында болгон. Азыркы мезгилде Ассирияга негизинен ассириялык Чыгыш чиркөөсү (несториандык), сириялык яковиттик чиркөө (монофисттик) жана ассирий-халдей чиркөөсү таандык. 14-кылымдын аягында Тимурдун басып алуусунун мезгилинде Ассирия ислам динин кабыл алууга каршы чыгышкан жана өздөрүн аман сактап калыш үчүн Курдистан тоолоруна жашырынышып, Кипрге качышкан. 16-кылымда Ассириялыктардын көпчүлүгү Осмон империясынын аймагында жашашкан. 19-кылымдын 40-жылында адабий ассирия тили иштелип чыккан. Ассириялыктар Россияга 1826‒28-жылдары орус-иран согушунун мезгилинде көчүп келе баштаган. 1917-жылы Россиянын аймагында 50 миӊге жакын Ассириялыктар жашаган жана көпчүлүгү православие чиркөөсүнө өтүшкөн. Ассириялыктар дыйканчылык, мал чарбачылык жана балыкчылык менен кесип кылышкан. Аларда уруулук түзүлүш узак мезгил сакталып, князь (малики), старосталар (ришмат) башкарган. Учурда Ассирияда орто бизнес, интеллигенциянын өкүлдөрү, ассириялык эл аралык коомдук уюмдар пайда болуп, ассирия тилинде газета, журналдар чыгарылат. Ассирияда жаӊы жыл, ошондой эле христиандык салттуу майрамдар майрамдалат.
Ад: Пигулевская Н. В. Культура сирийцев в средние века. М., 1979; Матвеев А. К., Матвеев К. П. Ассирийцы: история и этнография ассирийцев. М., 1990; Ассирийцы: фольклор. М., 1991‒1992. Кн. 1‒2.
Ш. Керимова