АСПИРИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСПИРИН (лат. acidum spiricum ‒ салицил кислотасынын алгачкы аталышы) ‒ацетилсалицил кислотасынын коммерциялык аты. 1853-жылы синтезделген. Дарылоо практикасына немец дарыгер Г. Дрезер киргизген. Ал температураны төмөндөтүүчү, сезгенүүгө каршы жана ооруну басаӊдатуучу дары. Аспирин калтыратмада, баш ооруганда , невралгияда , кызыл жүгүрүктө жана башкаларда кеӊири колдонулат. 20-кылымдын ортосунда анын антитромбоциттик таасири байкалып, ошого байланыштуу антиагрегант катары кеӊири пайдаланылат. Чоӊ дозада кабыл алганда баш айланат, угуу начарлайт, аллергиялык реакциялар ж. б. болот. Аны тамактан кийин сууга эритип ичүү сунуш кылынат. Аспирин айрым дарылардын (цитрамон, седальгин, алько-прим ж. б.) курамына кирет. Абдан көп колдонулуучу дары болуп эсептелет (мисалы, Америкада жылына 20 т чамасында пайдаланылат).