АСПИРАНТУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСПИРАНТУРА (лат. aspirо ‒ умтулам, аракеттенем) ‒ илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо формасы. Аспирантура жогорку окуу жайында, ИАларда жана илимий-изилдөө институттарында уюштурулган. Аспирантуранын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Күндүзгү (35 жашка чейинкилер үчүн 3 жыл мөөнөт менен) жана сырттан окуу (45 жашка чейинкилер үчүн 4 жыл мөөнөт менен) бөлүмдөрү бар. Аспирантурага жогорку билимдүү, илимий ишке шыктуу, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес стажы бар, ал эми жогорку окуу жайларын жаӊы бүтүргөндөр үчүн институттун окумуштуулар кеӊешинин сунушу боюнча конкурстук кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшыргандар кабыл алынат. Кирүүчүлөр жарык көргөн илимий эмгектерин же докладдарын (реферат) тапшырышат. Алар жактырылгандан кийин үч предметтен: адистиги боюнча, илимдин тарыхы жана философиясынан, чет тилинен экзамен тапшырышып, сыноодон өтүшөт. Аспирант жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеӊеши же илимий-изилдөө институту бекиткен жекече окуу планы менен иш алып барат. Ар бир аспирантка илимий жетекчи (илимдин доктору же кандидаты) бекитилет. Өндүрүштө иштеген аспиранттарга аспирантурага киргенге чейин айлык акысынын көлөмүнө жараша стипендия (ай сайын) төлөнөт жана ар жылы 2 айга каникул берилет. Өндүрүштө иштеп, жекече планын аткарган аспиранттар үчүн ар жылы эмгек акысы сакталып, кошумча дагы 30 күн дем алыш, ал эми жумасына 6 күн иштегендерге болсо, кошумча дагы бир күн кошулуп берилет.