АСПАПТЫК БОЛОТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСПАПТЫК БОЛОТ ‒ аспаптар жасалуучу болоттун бир түрү. Курамы көмүртек менен 0,6‒0,7 %ке чейин байытылат. Анын көмүртектүү, легирленген, тез кесүүчү түрлөрү бар. К ө м ү р- т е к т ү ү с ү түрдүү маркадагы болоттор бири биринен курамындагы көмүртектин өлчөмү боюнча айырмаланат. Алар ысытуу жолу менен иштетилип бургу, кескич, өгөө, балта, калибр, микрометр сыяктуу аспаптар жасалат. Л е г и р л е н г е н и да кесүүчү, ченөөчү аспаптар үчүн пайдаланылып, жогорку температурада катуулугун сактайт жана анын курамындагы күкүрт, фосфор 0,03 %тен ашпайт. Т е з к е с ү ү ч ү с ү Р9, Р18 маркасындагы болоттон турат. Мындай болоттон жасалган кескич аспап курч жана тез кесет. Анын курамында 9,18 % вольфрам бар.