АСКИЗ МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКИЗ МАДАНИЯТЫ ‒ хакастардын орто кылымдардагы (10‒17-кылымдар) археологиялык маданияты. Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде Иртыштан Байкалга, Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган. Аскиз дарыясынын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-жылы археолог Л.Р.Кызласов изилдеген. Тюхтят маданияты (Кыргыз кагандыгы) Аскиз маданиятына негиз болгон. Аскиз маданиятынын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп ‒ коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (11‒12-кылымдар), енисей жазуулары (орхон-енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө-мүрзөлөр жана башкалар кирет, ошондой эле алтын, күмүш менен кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. 11-кылымда Аскиз маданияты Чыгыш Европада, анын ичинде орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн жана соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598‒1718-жылдар) жана христиандаштырылышы Аскиз маданиятынын хакас маданиятына өзгөрүшүнө түрткү берген.