АСКЕТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКЕТИЗМ (гр. asкetes ‒ көнүгүү) ‒ өз эрки менен күнүмдүк турмуш жыргалчылыктарынан баш тартуу же ашкере чектөө менен такыба жашоо. Аскетизм термини алгач атлеттердин спорттук көнүгүүлөрүн билдирсе, кийинчерээк бир катар диний жана философиялык агымдардын концепцияларынын негизи болуп, ар кандай түрдө кездешет: тамак-ашты чектөө (орозо, пост ж. б.), үй-бүлө куруудан баш тартуу, так өтүү, целибат, жакырчылык, дербишчилик, өз денесине залал келтирүү ж. б. Алгачкы коомдо эле табияттан тышкары күчтөр, арбактар менен байланыш түзүү үчүн бакшылар тамак-аш, уйкудан ж. б. өздөрүн чектеп даярдык көргөн. Аскетизм айрым философиялык мектептерге (мисалы, киниктер) жана диндерге (христианчылык, индуизм жана ислам) мүнөздүү. Муктаждыктардан бошонууга, экстаз абалында «табигаттан тышкары жөндөмдүүлүккө» жетишүү (йога), Христос чеккен «азапка» ортоктош болуу сыяктуу ар кандай аракеттер Аскетизмдин тышкы жана түпкү максаты болушу мүмкүн. Аскетизмдин олуттуу жүйөлөрүнүн бири катары (бай төбөлдөр үчүн) коомдук артыкчылыктардан пайдалануудан өз ыктыяры менен баш тартуу эсептелет.