АСКЕР УКУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР УКУГУ– КРдин куралдуу күчтөрүн уюштуруу принциптерин, формаларын, аскерлерди башкаруу негиздерин, куралдуу күчтөрүн комплекттөө, аскердик кызмат өтөө тартибин, аларды материалдык жана акча каражаттары менен камсыз кылуу, аскер кызматчыларына жана алар­дын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеңилдиктерди, пен­сия, пособиелерди дайындоо ж. б. жоопкерчиликтерди аныктайт. Аскердик укуктун негиз­ги булактары катары КРдин эл аралык келишимдери, Конституциясы, «Коргоо жөнүндө», «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» ж. б. мыйзамдары, ошондой эле аскердик башкаруу органдарынын актылары: устав, жобо, методикалык көрсөтмөлөр, колдонмолор, эрежелер жана директивалар саналат.