АСКЕР ТУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР ТУУСУ– аскер бөлүгүнүн кайсы мамле­кеттин куралдуу күчтөрүнө тиешелүүлүгүн көрсөтүүчү белгиси (символу). Tyy белгилүү өлчөмдөгү жана түстөгү кездемеден жасалып, каскакка (жумуру шырыкка) тагылат. Аскер туусу бөлүктүн наамы же номери өзгөрсө да, ошол бөлүктө дайыма кала берет. Эгерде Аскер туусу жоголсо, бөлүк таркатылат да, ал бөлүктүн командири жана күнөөлүү адамдар аскер сотуна берилет. Аскер туусу байыртадан эле Байыркы Чыгыш, Кытай, Индия ж. б. өлкөлөрдө колдонулган. Кыргыздарда Аскер туусу жөнүндө түшүнүк илгертеден эле бел­гилүү. Орто кылымдарда асаба тагылган каскактын учуна аттын куйругун бекитип жасаган туулар колдонулган. Тууну көтөрүү аскерлерди чогултууну жана согушка аттанууну билдирген. Жоого аттанганда алтанга (туу алып жүргөнгө) эр жүрөк, ишеничтүү жоокер дайындалып, салгылашуу учурунда кошуунга дем-күч берүү максатында ал тууну көрүнөө жерге кармап турган. Туунун жыгылганы же душмандын колуна түшкөнү, жеңилгенге тете болгон.

Ошондуктан ал ар дайым ыйык саналып, бекем сакталган. «Манас» эпосунда ар бир аскердик топ­тун өз туусу, асабасы болгондугу жана анын түсү да өздөрүнө гана таандык экендиги, ал эми желек, байрактарды

АСКЕР ТУУСУ 100.png


майда уруулар, аскердик бөлүктөр пайдалангандыгы айтылат. Кыргыздарда эл намысына жарап, элдин камын ойлогон эр азамат да тууга теңештирилип, согушта эрдик көрсөткөн баатырларын «туу жыгаар уул» деп ардакташкан.