АСКЕР ПАРАДЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР ПАРАДЫ--(латынча раго – даярдап жатамын, даярдоодомун) – мамлекеттик жана аскердик маанилүү окуялардын, расмий мааракелердин урматына согуштук техниканын коштоосунда аскерлердин салтанаттуу өтүүсү. Эң ири аскер парадынын бири 1945-жылы 24-июнда Москвадагы Кызыл Аянтта фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин урматына өткөрүлгөн Жеңиш парады болгон. Кыргыз Республикасында мамлекеттик маанидеги иш-чараларды белгилөөдө өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катышуусундагы аскер парады өткөрүлүп турат.