АСКЕР КИЙИМДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР КИЙИМДЕРИ– аскер кызматчылары үчүн арналган атайын форма кийимдеринин жалпыланган аталышы; алар өңү, бычылышы, айырмалоо белгилери ж. б. боюнча өзгөчө айырмалоочу белгилерге ээ. КРдин кopгoo министрлигинин, ИИМдин ички аскерлеринин, улуттук коопсуздук кызматынын (УКК), УККнын чек ара аскерлеринин, улуттук гвардиянын, мамлекеттик күзөт кызматынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу жанa өрткө каршы кызматынын, адилет министрлигинин күзөт, конвой менен коштоо жанa кылмыш-жаза аткаруу системасы департаментинин, Жогорку сотунун, аскер прокуратурасынын аскер кызматчылары аскер кийимдерин кийишет. КРдин аскер кызматчыларынын аскер кийимдерине: баш кийим (фуражка, кулакчындуу тумак, пилотка, берет); тыш кийим (күрмө, пальто, плащ, мундир, кител, шым); пуловер, свитер, жакет, блузка, сырт көйнөк, юбка, галстук, кашне, аксельбант; бут кийим (ботинка, туфли, өтүк), ошондой эле аскер шаймандары кирет. Жогорку офицердик курамда, офицерлер, прапорщиктер жанa мөөнөттүү аскер кызматчыларында, аял аскер кызматчыларында Аскер кийимдерин кийүүдө айырмалар бар.
Э.Ы. Кадыров.