АСКЕР КЕМЕЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР КЕМЕЛЕРИ– Аскер-деңиз флотунун курамындагы, күжүрмөн же атайын стратегиялык-тактикалык милдеттерди аткарууга ылайыкталган кемелер. Деңизде каракчылык кылууга пайдаланылган каноэ, кийин тарыхый булактарда жазылып калган куралданган египет кемелери Аскер кемелеринин алгачкы түрлөрү катары саналат. Болжол менен б. з. ч. 2-миң жылдыктан 16-кылымга чейин деңиздеги согуштук аракеттерде негизинен калактуу галералар пайдаланылган. Кийин Европада парустуу үч мачталуу кемелер тараган. 17-кылымдан кемелерге замбиректер орнотула баштаган. Улам барган сайын өркүндөтүү менен 19-кылымдын башында биринчи буу кемеси түзүлгөн. 1900-жылдары суу астында жүрүүчү кайыктар, биринчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде алгачкы авиа алып жүрүүчү пайда болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин суу астында жүрүүчү атомдук кайыктар жанa атом энергиялык приборлор, ракета-ядролук куралдар орнотулган атомдук кемелер курулду. Азыркы Аскер кемелерине дизель, газ турбиналуу же атом кыймылдаткычтары орнотулган. Аткарган ишине жараша алар ракеталык, авиациялык, артиллериялык, торпедалык же миналык куралдар менен жабдылган. Аларды башкарууда абадагы, суу астындагы кырдаалга байкоо жүргүзүү үчүн радио-электрондук жанa эсептеп чыгаруучу түзүлүштөр орнотулган. Аскер кемелери согуштук милдети, куралданышы жанa сууга сыйымдуулугу боюнча бири биринен айырмаланган төмөндөгүдөй түрлөрү бар: ракета менен куралданган эсминецтер, ракеталык, торпедалык, ракета-торпедалык суу астындагы кайык, авиа алып жүрүүчү, ракета-артиллериялык кеме, десант кемеси ж. б.