АСКЕР-АБА КҮЧТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР-АБА КҮЧТӨРҮ (AAK) – мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн бир түрү. Ал ыкчам стратегиялык милдеттерди аткаруу үчүн өз алдынча да жана куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрү менен биримдикте да аракеттенүүгө дайын согуштук зор күч. Эң жогорку маневрдүүлүгү бар AAK душмандын авиациялык, ракеталык, кургактагы жана деңиздеги күчтөрүнө зыян келтирүүгө, анын тылдагы маанилүү согуш объектилерин кыйратууга жөндөмдүү, кургактагы аскерлердин жана Аскер-деңиз флотунун операцияларына жардамдаша алат, куралдуу күчтөрдүн бардык түр-

КРдин Kopгoo министрлигинин Аскер-аба базасында.


лөрүнүн таламдарына жараша абадан чалгындоо жүргүзөт, чоң-чоң аба десанттарын курал жарактары менен кошо ташып жеткирет. AAK негизинен: ыраакы (стратегиялык), фронттук жана аскер-транспорттук түрлөрүнөн турат. Деңиз авиациясы жана аба чабуулунан коргоочу авиация ошолордун курамына кирет. AAK өтө бийиктикте жана алыска учуучу, үндөн тез ылдамдыктагы ар түрдүү самолёттор, ошондой эле вертолёттор менен куралданган. Кийинки кезде көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдүн ААКы стратегиялык, тактикалык жана аскер-транспорттук авиациядан туруп, мындан сырткары континент аралык баллистикалык ракеталар бирикмелери жана аскердик космос куралдары менен куралданган. Реактивдүү самолёттор, канаттуу ракеталар жана массалык кырып-жоюучу куралдар менен жабдылган азыркы учурдагы AAK согуш аракеттерин жүргүзүүгө, душманга сокку берүүдө зор мүмкүнчүлүктөргө ээ. ААКтын тарыхы авиациялык техниканын өнүгүшү менен байланыштуу. Батыш Европа өлкөлөрүндө аскердик самолёттор алгач 1909-10-жылдарда пайда боло баштаган. I-дүйнөлүк согуш убагында бомбалоочу жана истребитель самолёттору чыгарылып, авиация, бирикмелер (эскадра, бригада) түзүлгөн. Кыргызстандын аскер авиациясынын тарыхы 1941-жылы декабрынан башталат. Ушул жылы республикага учкучтардын Одессадагы авиациялык мектеби көчүрүлүп келген. 1947-жылдан аталган окуу жай учкучтарды даярдоочу Фрунзе аскердик-авиациялык окуу жайы деп аталган. Көп өтпөй окуу жайы алгачкы реактивдүү аскер самолёттору менен жабдылган. Учкучтар окуу жайы өлкөбүздүн, ошондой эле чет өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү үчүн авиациялык кадрларды даярдай баштаган. Кыргызстан көз каранды эместикке ээ болгондон кийин, 1992-жылдан өз куралдуу күчтөрүн түзүүгө киришти. Республиканын аймагында жайгашкан СССРдин аскер бөлүктөрү, анын ичинде авиациялык бөлүктөрү Кыргызстандын юрисдикциясына өттү. Анын негизинде түзүлгөн Кыргыз Респнын кoproo Министрлигинин аскер-аба базасынын (ААБ) жеке курамы Суусамыр (1992), Cyзак райондорундагы кырсыктардын кесепеттерин жоюуга активдүү катышты. Авиаторлор «Центразбат-1998», «Центразбат-1999», «Калкан- 2000», «Чек-2004», «Чек-2005» аскердик машыгууларын өткөрүүгө катышып келишүүдө. 1999-жылы башталган Баткен согуш компаниясында кoproo министрлигинин ААБнын учкучтары, алты Ми-8МТВ вертолету, эки Л-39 бомбалоочу самолёту, АН-26 жана АН-12 транспорттук самолеттору зор роль ойношту. Самолеттор жана вертолёттор бандиттик топтор жайгашкан аймактарга бомба таштоо жана аткылоо менен согуштук аракеттерди жүргүзүүгө толук жөндөмдүү экендигин көрсөтүштү. Өзгөчө бийик тоолуу аймактарга десанттарды жана ок-дарыларды өз убагында жеткирип турууда вертолеттордун ролу чоң болду. Ошону менен катар эле алар аба-ырайын жана чалгындоо иштерин да ийгиликтүү аткарып турушту.