АСКЕРДИК НААМДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРДИК НААМДАР– аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн кызматтык абалына, аскердик же атайын даярдыгына, иштеген жылына, куралдуу күчтөрдүн кайсы түрүнө таандыгына, аскерлердин түрүнө ылайык ар бирине жекече берилет. Аскердик наамдар – өздүк курамдын аскердик кызматты өтөөсүн, кадрларды жайгаштыруунун, алардын туруктуу кызматтык-укуктук абалын туура уюштуруунун маанилүү шарты. Алар аскер кызматкерлер арасындагы өз ара мамиледе улуулукту, аскер кызматынын мөөнөтүн жана запастагы абалын аныктайт; материалдык жана акча менен камсыз кылууда, мамлекеттик камсыздоодо, аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө болгон жеңилдик укугун аныктоодо олуттуу мааниге ээ. КРдин куралдуу күчтөрүндөгү Аскердик наамдардын тизмеси ички кызмат уставында келтирилген.


Аскердик даражалары Аскердик наамдары
Аскерлер Катардагы жоокер

(курсант)

Ефрейтор

Сержанттар жана стар-
шиналар
Кенже сержант
Сержант
Улук сержант
Старшина
Прапорщиктер
Прапорщик
Улук прапорщик
Кенже офицерлер
Кенже лейтенант
Лейтенант
Улук лейтенант
Капитан
Улук офицерлер Майор

Подполковник

Полковник

Жогорку офицерлер Генерал-майор

Генерал-лейтенант

Генерал-полковник