АСКЕРДИК ЖЕ АТАЙЫН НААМДАН АЖЫРАТУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРДИК ЖЕ АТАЙЫН НААМДАН АЖЫРАТУУ– наамы бар күнөөлүү адамга сот тарабынан колдоно турган кошумча жазалардын бири. Жогоруда көрсөтүлгөн жаза сот тарабынан төмөндөгү учурларда колдонулат: 1) атайын же аскердик наамы бар күнөөлүү адамга айыптоо өкүмүн чыгарып жатканда; 2) күнөөлүү адамдын жасаган кылмышы оор же өзгөчө оор кылмыш жиктерине кирсе (классифакация). Сот бул наамдар министрликтердин буйругу же КРдин Президентинин Жарлыгы менен берилгенине карабастан, алардан ажыратууга укуктуу.
К. Бодобаев, К. Курманов.