АСКЕРДИК БИЛЕТ
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕРДИК БИЛЕТ– аскер комиссариаты тарабынан аскер кызматын өтөөгө чакырылгандарга же запаска (отставкага) чыгарылган жарандарга берилүүчү жанa аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлердин, сержанттардын, старшиналардын, матростордун керт башын күбөлөндүрүүчү, мөөнөтү чектелбеген документ. Анда ошондой эле запастагы жарандардын аскер кызматына тиешелүүлүгү көрсөтүлөт. Аскер кызматындагы офицерлер менен генералдарга керт башын күбөлөндүрүүчү күбөлүк берилет, ал эми запаска же отставкага чыккан учурда – офицерлик (генералдык) Аскердик билет берилет.