АСКЕРГЕ ЧАКЫРЫЛУУГА ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРГЕ ЧАКЫРЫЛУУГА ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК – аскердик-патриоттук тарбия, чакырылуучулардын саламаттыгын чыңдоо чаралары, спорттук, дене тарбия даярдыгы, тийиштүү

Аскерге чакырылуучулардын кезектеги тобу.


программа боюнча башталгыч аскердик аракеттер. КРдин жалпы аскердик милдет жөнүндөгү мыйзамынын негизинде аскерге чейинки курактагы жана аскерге чакыруу курагындагы уландар (өндүрүштөн жана окуудан бошобостон) Аскерге чакырылууга чейинки даярдыкты жалпы билим берүү мектептеринде (9-класстан баштап), техникумдарда, кесиптик-техникалык окуу жайлардагы жана ишканалардагы машыгуу пункттарында өтүшөт.