АСКЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮЛӨРДҮН ЗАПАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮЛӨРДҮН ЗАПАСЫ– аскердик каттоодо турган, армиянын катарында милдетин өтөп келген же ар түрдүү себеп менен ага барбай калган, бирок согуш убагында жоокердик милдетин аткарууга жарактуу адамдар. Армия жана флоттун запасындагы 18–50 жаштагы жарандар аскерге милдеттүү деп саналат же армия менен флоттун катарында, мезгилдүү жыйындар аркылуу аскердик уюмдардан тышкары аскердик кызматтан өтөт, ошондой эле медициналык же башка атайын маалыматы бар аскердик каттого алынган 19–40 жаштагы аялдар да аскерге милдеттүү, алар окуу жыйындарына тартылып, өз ыктыяры менен аскердик кызматка кабыл алынышы да мүмкүн.