АСКЕР
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕР– I) мамлекеттин куралдуу күчү жөнүндө жалпы аталыш, 2) кээ бир мамлекеттердин армияларында катардагы жоокерлердин наамы. Көчмөн элдерде, анын ичинде кыргыздарда аскерлердин түрүнө, курамына карата атчан Аскер, жөө Аскер, ал эми түзүлүшү боюнча ондук, жүздүк, миңдик, түмөн, кошуун, кол ж. б. болуп бөлүнгөн. Аскер башчыларды он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башы, колбашчы ж.б. деп аташкан.