АСКАРОВ Теңдик

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСКАРОВ Теңдик (18. 12. 1937-жыл, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кызыл-Өзгөрүш айылы – 5. 3. 2019-жыл, Бишкек шаары) – сынчы, философ, коомдук ишмер, философия илимдеринин доктору (1993), Kыргыз Pеспубликасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (2000), 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөн. 1963–1967-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, окумуштуу катчы, 1967-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редакторунун орун басары, 1967–1969-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинде пропаганда жана агитация, 1969–1971-жылдары маданият бөлүмдөрүнүн башчысынын орун басары, 1971–1980-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-катчысы, 1980–1985-жылдары Кыргыз CCP Жогорку Советинин председатели болгон. 1986-жылдан Кыргыз илимдер академиясынын философия жана укук институтунда сектор башчы, илимий кызматкер, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995). Т. Аскаров чыгармачылык ишин сынчы катары баштаган. Ал – кыргыз адабиятынын теориялык маселелерине байланыштуу макалалардын, китептердин, ошондой эле «Адабияттагы көркөм шарттуулуктун эстетикалык табияты» деген философиялык эмгектин автору. Бул чыгарма учурунда философиянын илимий татаал жана дискуссиялык проблемасын талдоодогу жаңылыгы менен окумуштуулардын көңүлүн бурган. Кыргыз CCP Жогорку Советинин 4 жолку (1971–1990) депутаты. Ал 400дөй илимий, илимий-публицистикалык эмгектин (анын ичинде 16 монография, 1 окуу китеби, 4 макалалар жыйнагы, 9 брошюра) автору. Эл

АСКАРОВ 91.png


достугу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.