АСИНХРОН РЕЖИМИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСИНХРОН РЕЖИМИ (Asynchronous mode-Асинхронный режим). Бул режимде маалыматтар убакыттын туура эмес интервалында, б.а. берилиштер киргизилгенине жараша бирден байт менен айрым айрым жиберилип турат. Байттын башын жана аягын айырмалаш үчүн баштоочу жана аяктоочу биттер колдонулат. Айрым учурда жиберүүдө кетирилген катаны текшерүү үчүн кошумча бит байттын аягына кошулат, себеби жиберүү учурунда айрым биттер өзгөрүлүп калышы мүмкүн. Бир учурда бир байт жиберилгендиктен асинхрондук режим салыштырмалуу жай, ошол себептен, ал аз сандагы берилиштерди жиберүүдө колдонулат.


АСИНХРОН РЕЖИМИ.jpg