АСЕПТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСЕПТИКА (а... жана гр. septikos – ириндүү, ириңдетүүчү) – операцияда, жараат таңууда керектелүүчү аспап, жип, тампон ж. у. с. буюмдардагы микробдорду физикалык жолдор менен зыянсыздандыруу чаралары. Асептика жараатка ириңдетүүчү бактерияларды киргизбей, аларды жок кылууга багытталган. Немец хирургу Э. Бергман зыянсыздандыруунун жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Операцияда же таңууда пайдаланылуучу материал микроорганизмден тазаланат (стерилдөө). Хирургдун колу атайын каражаттар менен стерилденет. Биринчи медициналык жардам берүү эрежелерин да сактоо зарыл. Үй шартында стерилденген таңуучу материалдар (даки, бинт, салфетка, кебез ж. б.) дайыма болуш керек.