АСЕЙИНОВ Мукун

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСЕЙИНОВ Мукун (5. 6. 1941-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Барскон айылы) – мамлекеттик жана саясий ишмер, Москва кооперация институтун, СССР эл чарба академиясын (1985) бүткөн. Эмгек жолун Каракол шаардык соода тармагында бухгалтер болуп иштөөдөн баштап, 1961-70-жылдары Каракол, Фрунзе шаардык комсомол комитеттеринде секретарь, 1979-жылы Кыргызстан КП БКнын финансы бөлүмүнүн инструктору, 1972– 74-жылдары КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу, 1975–76-жылдары Кыргызстан КП БКнын уюштуруу-партиялык иштер бөлүмүнүн инспектору. 1977–79-жылдары Талас облусунун Киров райондук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1980-жылы Талас облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1981–85-жылдары Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун төрагасынын орун басары,

АСЕЙИНОВ 82.png


1985-жылы партиянын Тянь-Шань райондук комитетинин 1-секретары, 1986-жылы Кыргыз CCP Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, 1987– 91-жылдары 1-орун басары, 1991-96-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары, 1996– 2002-жылы КРдин Ирандагы Атайын жанa ыйгарым укуктуу элчиси, 2012-жылдан КРдин Шри-Ланкадагы ардактуу консулу. 1986–91-жылдары Кыргыз CCP Жогорку Советинин депутаты.
3. Бейшеев.