АСАН КАЙГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСАН КАЙГЫ – 13–14-кылымдарда Алтын Ордого караштуу бир нече элдерге (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) орток ойчул, акылман, сынчы, гуманист-философ акын. Анын чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринде аз да болсо сакталып калган. Айрымдары 1912-жылы Оренбург шаарында чыккан жыйнакка кирген. Асан Кайгы кыргыз фольклорундагы маалымат боюнча 14–15-кылымдардын аралыгында, Алтын Ордонун ханы Жаныбектин мезгилинде жашаган. Айрым чыгармаларынын ногой, казак, каракалпак, кыргыздарга бир башаттан тараганына караганда, булар бир эл катары биригип турган мезгилде жашаган деген ойду жаратат. Казак адабиятчылары акындын ата-тегин тактоого көп аракет кылышкан, бирок анын өмүр баяны аңыз кепке айланып кеткен. Бизге акылмандын чыгармалары уламыш жана үзүндү түрүндө келип жеткен. Ошондон улам кыргыз адабиятында оозеки чыгармачылыктын атактуу өкүлү, калк кыялынын туундусу катарында каралат. Уламыштарда Асан Кайгынын замандаштары Жээренче Чечен, Акыл Карачач, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Алдар Көсөө болгондугу айтылат. Ч. Baлиханов аны «көчмөн элдердин философу» деп атаган. Асан Кайгы элдин камын ойлоп, «кой үстүндө торгой уялаган», малга жайлуу, адамга сыйлуу конуш издеп, Едилден тартып Талас, Нарын, Аксай, Ат-Башыга чейин барган экен. Акыры Ысык-Көлдү жактырып, аны конуштап калып, өлөр алдында айткан керээзи боюнча сөөгү Ысык-Көлдүн адам баспай турган бир аралына коюлган деп айтылат.

Р. Сарыпбеков.