АСАНОВ ҮСӨН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСАНОВ ҮСӨН (26. I. 1934-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын району, Эмгекчил айылы) – физик-химик, химия илимдеринин доктору (1977), профессор (1980), KP УИАнын академиги (1987, корреспондент- мүчө 1983), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1979), СССРдин ойлоп табуучусу, КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1994). Д. И. Менделеев атындагы МХТИни (1956), СССР ИАнын физика-химия институнун аспирантурасын (1967) бүтүргөн. 1956-87-жылдары Кыргыз CCP ИАнын органикалык эмес жана физика химия институнда кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы, директордун орун басары, 1987-93-жылдары КМУнун ректору, 1993-2005-жылдары КРдин Жогорку аттестациялык комиссиясынын (1996–жылдан Улуттук аттестациялык комиссия) төрагасы, ошол эле учурда 2002–16-жылдары Кыргыз Энциклопедиясы Башкы редакциясынын Башкы редактору болуп иштеген. Химия жана химиялык технология боюнча илимий иштерди жүргүзгөн. Илимий ишинин негизги багыты – электр разрядындагы химиялык процесстерди изилдөө. Ал учкун разряддарын пайдаланып, химиялык синтездин (карбиддер, сульфиддер, кычкылтектер ж. б.) жаңы методдорун негиздеген. Бул жааттагы иштеп чыгуулары 50дөн ашуун автордук күбөлүк жана патенттер менен күбөлөндүрүлүп, алардын көбү өндүрүшкө киргизилген. Анын ойлоп табуучулук ишмердиги жогору бааланып, Эл аралык ойлоп табуучулардын алтын медалына татыктуу болгон (Женева, 2003). Асанов 300дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 12 монография, жогорку окуу жайлары үчүн 7 окуу китеби), 51 ойлоп табуунун автору. Анын жетекчилиги менен «Кто есть кто в Кыргызской науке» (1997), «Наука Кыргызстана в лицах» (2002), «Наука Кыргызстана в зеркале диссертационных исследований» (2003), «Химия» (1997) ж. б. 20дан ашык тармак энциклопедиялары жарык көргөн. Эл аралык «Руханият», ошондой эле Ж. Баласагун, И. Арабаев атындагы сыйлыктардын лауреаты.

АСАНОВ Үсөн 79.png


КР ЖКнын «легендардуу» парламентинин депутаты (1989–94). Эмгек Кызыл Туу, III даражадагы «Манас» ордендери, «Даңк» медалы ж. б. менен сыйланган. Нарын шаарындагы өзү окуган орто мектеп-лицейге ысмы ыйгарылган (2004).
Эмг.: Синтез соединений металлов в условиях низковольтного искрового разряда в жидких диэлектриках. Ф., 1978; Жалпы химия (авторлош) Б., 1997; Физикалык химия (авторлош) Б., 2000; Органикалык химия курсу (авторлош) Б., 2001. Физико-химические процессы в плазме искрового разряда создаваемого в жидких диэлектриках. Б., 2001. Энергонасыщенные среды в плазме искрового разряда Б., 2002. Аналитикалык химия Б., 2004. Ад.: Об академике У. Асанове. Б., 2004.