АСАНОВ ДАЙЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСАНОВ Дайыр (30. 5. 1922, азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району, Баш-Кайыңды айылы – 18. 9. 2009, Бишкек) – Советтер Союзунун Баатыры (1943), генерал-майор (1994). Ульяновскидеги танкалык окуу жайын (1945), Ташкенттеги танкисттердин жогорку окуу жайын (1947), Москвадагы В. И. Ленин атындагы аскердик-саясий академияны (1956) бүтүргөн. 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Талаа, 2-Украина фронтторунда салгылашкан. 1943-жылы Пятницк кыштагы (Харьков облусу, Чугуев району) үчүн салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандын 3 жолку танка менен чабуулунун мизин кайтарууда ал немецтердин 8 танкасын жана 6 бронетранспортерун жок кылган. 1945-жылы танк взводунун рота командири, 1958–61-жылдары Кыргыз ССР аскер комиссариатынын саясий бөлүмүндө пропагандист, 1961–70-жылдары Токмок шаардык, 1970–84-жылдары Фрунзе шаарынын Ленин райондук аскер комиссары,

АСАНОВ Дайыр 77.png


1985-96-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейинин директору болуп иштеген. 2001-жылдан Бишкек шаардык согуш, эмгек жанa куралдуу күчтөрүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы. Кыргыз CCP Жогорку Советинин (1951-55) депутаты. Асанов – «Военно-патриотическое воспитание молодежи» (Ф., 1976), «Ради жизни на земле» (Б., 2002), «Святой долг и призвание командира» (Б., 2006) аттуу эскерүү китептеринин автору. Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине 2005-жылы Асановдун ысмы ыйгарылган. Ленин, эки 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, 2 Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси», 3-даражадагы «Манас» ордендери ж-a медалдар менен сыйланган.