АСАНКУЛОВ Жумабек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСАНКУЛОВ Жумабек-- (20. 2. 1927, Чүй облусу, Москва району, Кепер-Арык айылы – 22. 4. 2007, Москва) – генерал-лейтенант (1991). СССР Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин Ташкент чөлкөм аралык мектебин (1948), Кыргыз CCP Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку мектебин (1955) бүткөн. 1944–46-жылдарда Петров

АСАНКУЛОВ 75.png


районундагы Буденовка атындагы колхоздун колхозчусу, 1948–52-жылдарда Кыргыз CCP Мамлекеттик коопсуздук министрлигинде бөлүмдүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, начальниги, 1955–61-жылдарда Кыргыз CCP Министрлер Coветине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальнигинин орун басары, 1961–66-жылдарда ушул эле комитеттин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 1966–67-жылдарда Кыргызстан КП БКнын административдик органдар бөлүмүнүн башчысы, 1967–78-жылдарда Кыргыз CCP Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы, 1978–89-жылдарда СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин институтунда атайын курстун начальниги, 1989–91-жылдарда КРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы, 1998–2000-жылдарда КР Президенти А. Акаевдин кеңешчиси, кеңешчинин милдетин аткаруучу, КР Коопсуздук Кеңешинин эксперт-консультанты жана эксперт-кеңешчисинин милдетин аткаруучу, 2000–01-жылдарда КРдин Премьер-министри К. С. Бакиевдин кеңешчиси болуп иштеген. Кыргыз CCP Жогорку Советинин депутаты (1963–66; 1967–70; 1971–75), СССР эл депутаты (1989). Эки Кызыл Туу, Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Манас ордендери ж-a медалдар менен сыйланган.