АСАНБЕКОВ Төлөнбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСАНБЕКОВ Төлөнбай (1925, Нарын облусу, АкТалаа району, Коңорчок кыштагы – 1998, ошол эле жерде) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1945-жылдан Ак-Талаа районундагы Ленин атындагы колхоздо жылкы ферма башчысы болуп иштеген. Ал жетектеген ферма жылкы чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1947-жылы фермадагы 84 бээден 84 кулун алып, аны чыгашасыз асыраган. Ленин ж. б. ордендер менен сыйланган.

АСАНБЕКОВ 73.png