АСАНАЛИЕВ Жумаш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСАНАЛИЕВ Жумаш (Джумар, Джутар, Джапар) [10. 05. 1923, Түркстан АССРи, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди (азыркы Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району), Отуз-Уул айылы – 25. 06. 1944, Белоруссия ССРи, Витевск облусу, Шумилин (айрым маалыматтарда Бешенкович) району, Лабейка кыштагы] – Советтер Союзунун Баатыры (22. 07.1944). Советтик Apмиянын катарына Пржевальск аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы чакырылган. Улуу Ата Meкендик согушта 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-гвардиялык полкунда пулемётчу болгон.1944-жылы 24-июнда Батыш Двина дарыясынан совет жоокерлери чабуул коюп, Лабейка кыштагынын (БССР) жанынан өткөндө, Ж. Асаналиев өз пулемёту менен душман ээлеген жээкке биринчилерден болуп чыгып, батальондун оң флангасынан орун алып, гитлерчилердин контр чабуулуна каршы салгылашкан. Пулемёту жараксыз болуп калган соң, фашисттер жакындап келгенде, акыркы гранатасын жардырып, айланасындагы фашисттерди кырып, өзү да курман болгон. Лaбейка кыштагынын жанына коюлган. Белоруссиянын борбору – Минск шаарындагы жанa туулуп-өскөн айылындагы көчөгө ысмы ыйгарылып, Минск шаарында эстелиги тургузулган (2004).

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.