АСАД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСАД Хафез (6. 10. 1930, Кардаха, Сирия – 10.6. 2000, Дамаск) – Сириянын президенти (1971–2000). Араб социалдык кайра жаралуу партиясынын (АКСП) Генералдык секретары (1971–2000); Армиянын генералы (1968), коргоо министри (1966–71), премьер-министр (1970–71). Катуу чараларды колдонуу менен Сирияда саясий кырдаалды турукташтырууга жетишкен, Хама шаарындагы мусулмандык козголоңду баскан (1982). Асаддын жетекчилиги менен Сирия 1970–80-жылдардын ортосуна чейин СССРдин негизги союздашы болуп келген, 1973-жылы Египет менен Израилдин ортосундагы согушта Египетти колдогон, 1982– 83-жылдардагы араб жаңжалынан кийин Ливанда өз позициясын бекемдөө үчүн мындагы жарандык согуштарга (1976,1987,1990) кийлигишкен. Асад узак убакыт бою Иракка каршы саясат жүргүзүп келген: 1980–88-жылдарда Иран-Ирак согушунда Иранга жардам берген, «Чөлдөгү бороон» (1991) операциясынын жүрүшүндө сириялык аскерлерди Иракка каршы коалициянын курамына киргизген.