АР-НАМЫС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АР-НАМЫС– адамдын эл жана коом алдында өз кылганы үчүн моралдык жоопкерчилигин сезип, ойлогону менен кылганын адамгерчилик абийири менен баалай билишин туюндурган коомдук-этикалык категория. Бул абийир, уят деген түшүнүктөргө маанилеш. Ар-намыс – адамдын жүрүш-турушун, турпатын баалай турган өтө маанилүү моралдык касиет, нравалык фактор. Моралдык нормалар менен эрежелерди, коомдук парзды аткаруу Ар-намыска байланыштуу. Коомдук максат менен мүдөө – Ар-намыстын негизи. Керт баштын мүдөөсүн коомдук мүдөөгө баш ийдирип, коомдук мүдөөнү жогору коё билүү Ар-намыстуулуктун эң мыкты көрүнүшү болот. Кимдин Ар-намысы кандай экенин эл баалайт. Адамдын адамдык сапаты Ар-намыстын тазалыгынан көрүнөт.