АРЧА-БАШЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРЧА-БАШЫ МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Кожо-Ашкан суусунун төрүндө жайгашкан. Узундугу 12,3 км, аянты 25,4 км2. Абляциясынын аянты 9,1 км2. Башы деңиз деңгээлинен 4900 м, этеги 3100 м. Кар чегинин бийиктиги 3900 м. Мөңгүдөн Арча-Башы суусу башталып, Сохтун оң курамы – Кожо-Ашканга куят.