АРЧАЛЫ МАРГАНЕЦ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРЧАЛЫ МАРГАНЕЦ КЕНИ Нарын облусунда, Нарын шаарынан 50–60 км түндүк-чыгыш тарапта, Жетим кырка тоосунун түндүгүндөгү Арчалы суусунун сол жээгинде. 1956-жылы табылган. Кен жаткан жерде байыркы казындылар бар. Кендин аймагын кембрий мезгилинде пайда болгон акиташ теги, сланец, кремний, ордовикке таандык сланец, яшма жана палеоген-неогендин конгломерат, кумдук, чопо тектери түзөт. Негизги минералдары: браунит, гаусманит, псиломелан,гематит, лимонит ж. б. Кен жанар тоо-чөкмө жолу менен пайда болуп, линза, тарам, уяча түрүндө ордовиктин гематит-кремнийлүү сланец жана яшмадан турган тоо тектеринде топтолгон. Кенташ (руда) кабатчаларынын калындыгы 30–40 м, узундугу 100–150 мге жетет, андагы марганец орто эсеп менен 10%. 100 м тереңдикке чейинки кенташтын болжолдуу ресурсу 2100 миң т, марганец металлыныкы – 210 миң т.